* * *
Аралап жүрөм кызарып баткан кечимди,
Жоготтум дароо өзүмдү жана эсимди.
Күткөнүм күткөн үмүттү үзбөй өзүңдөн,
Бир гана мени жактырып жүрөм дешиңди.
Жамгыры кечтин мен үчүн гана төгүлөт,
Жамгырдай кылып сүйүүңдү мага төгүп өт.
Сүйүшүң мага табышмак болуп чечилбес,
Өңүмдө эмес кыялдан гана көрүнөт.
Жазында жааган ак кардай болуп эриген,
Кыйналам неге айткыла мынча демигем.
Бир күндүк сүйүү жүрөктүн отун өчүрөт,
Кылымга тете махабат курам эми мен
Аруу кыз
Күлө карап бир өзүмдү тиктеген,
Карегиңден сүйүү көрдүм бүтпөгөн.
Ушул жашоом өз нугунда баратат,
Бир кездеги сендик болгон күч менен.
Ошол мүнөт кызык эле өткөргөн,
Кандай сонун? Түнкүсүндө эскерген.
Өткөн күндүн көз ирмемин унутпай,
Жагат мага сен жөнүндө түш көргөн.
Бир күлкүңө жетпейт эле миң күлкү,
Миң жылдарга барабардай бир күнкү.
Кыялымда сүйө берип мен сени,
Болгон экем сүйүп жүргөн жүргүнчү.
Азыр бардыр сүйүп жүргөн жарыңыз,
Гүлдөн бүтүп ачылган дейт багыңыз.
Ошол кезди эч эсимден кетирбей,
Жүрөгүмдө жашай бергин «Аруу кыз».
Үмүт
Байлап алып, үмүттү кучагыма,
Учурганмын күтүүнүн учагына.
Көңүл толбой өмүрдүн мөөнөтүнө,
Жетпей келем бакыттын тутамына.
Үмүт бактым жүрөктө кетилбеген,
Жашай албай адамдык эсим менен.
Боздоп ыйлап караңгы түнгө кошо,
Жүрөк калды сүйүүгө жетилбеген.
Сендик таза мээримге бөлөнбөгөм,
Башка жандар жүрүшөт көрөм-көрөм.
Сансыз ойлор дүйнөмдү чаңытууда,
Ак сүйүүмдү кирдетип төрөлбөгөн.
Ооба, күтөм өзүңдү десем керек,
Күтүп жүрөм ал күнүң кечеңделет.
Ойлор курчап өмүрүм чачыранды,
Анан кантип жүрөгүм бекемделет.
Түнгө батпай түнөрүп жашап келем,
А сен мени бактылуу десең керек.
Жалган жыттанат
Көтөрүп тагдыр жүктөрүн,
Сапарда жүрүп бүтпөдүм..
Түңүлбөй күтөм баарыңан,
Мээримдин тунук күчтөрүн.
Турмуштан көрүп түркүндү,
Жоготуп жүрөм күлкүмдү.
Эсиме такыр албапмын,
Чаң учкан азап бул күндү.
Чыдамдуу кылып өзүмдү,
Жашасам гана көңүлдүү.
Сүйө албай койдум негедир,
Бир келген ушул өмүрдү.
Туманга толуп туш тарап,
Көңүлгө кайгы кысталат.
Тумчугуп барам дем жетпей,
Бул дүйнө «жалган» жыттанат.
Өмүрдү сүйүп калмакмын,
Жалгансыз болсо кысталак.
Эстелбечи
Мен сени унутканча эстелбечи,
Жактырып сүйсөң дагы эч келбечи.
Сен менин жүрөгүмдү тепсесең да,
Башкага мендей болуп тепселбечи.
Үмүттүн өчөт бүгүн жарыктыгы,
Ааламда сезимдердин калып чыны.
Аруулук жылуулуктан түңүлдүм мен,
Тагдырдын болбогон соң калыстыгы.
Турмуштун көрдүм күйүт, сүйүнүчүн,
Адамдар кантип отко күйүнүшүн.
Баарына күчүм жетип турган менен,
Бир үнсүз байкуш болдум сүйүүм үчүн.
Көөнүмдүн ооруп турат туш-тарабы,
Сезимдин жулунуптур туткалары.
Буйруксуз башка түшкөн азаптардан,
Өзүңдүн сүйкүм жүзүң куткарабы.
Ал күндүн баары-жогун курутайын,
Жүрөктү көлдөй кылып тунутайын.
Эсиме келе берсең ар мүнөттө,
Мен сени айтчы кантип унутайын.
Түшүмө кире бербе периштедей,
Ырда кал, эми сени унутайын.
Мен ыр жазбай калганда
Көп убакыт калсам жазбай ырымды,
Тагдыр мага жөнөтпөчү сыныңды.
Аалам кезип, таппай келем дарегиң,
Каяктасың айтып өтчү чыныңды.
Бүтүн денем жер бетине батса да,
Бул өнөкөт,орун алган башта да.
Сенсиз дүйнөм соолуп калган деңиздей,
Өтүнөрүм мени жалгыз таштаба.
Көпкө корктум,калемимден алыстап,
Кеткенимди сезбей калдым арыктап.
Дүңгүрөтүп бүт ааламды жүрөктү,
Өчпөй турган,түбөлүктүү жарык чач.
Ыр жазалбай,көңүл чөгүп калганда,
Көөдөн толот,түгөнбөгөн арманга.
Жан-жагымдан,кетиргим жок өзүңдү,
Сенин дүйнөң, таттуу экен балдан да.
Деп өкүндүм, күйүт каптап түгөнбөс,
Жаркып тийген, бийиктеги күн өлбөс.
Сенсиз анан, дагы кебим айтайын,
Кыздарды да кыйын болду сүйөм деш.
Мен жасанбайм, мода издеп кийимден,
Барактарым болсо болду чийилген.
Ыр жаратып узак жолду карытсам,
Акын болуп каламбы дейм кийин мен.
Билмек белең
Жашап жүрөм баштагы илдет менен,
Өткөн күндү тизмектеп иргеп келем.
Түндөй болгон сүйүүмдү күндөй кылып,
Сени сүйдүм сен аны билмек белең.
Ырлар жаздым дептерим баракталып,
Сүйүүдөгү сапарым барат карып.
Өмүрүмдүн мазмуну жоголууда,
Жүрөгүмдө жазылбас жарат калып.
Көрсөм эгер бир болуп басарымды,
Колун кармап сүйөм деп жаш аруумду.
Бул көрүнүш кыялда болсо дагы,
Келтирет го көп мезгил жашагымды.
Бөтөн жанга айланып кеткенибиз,
Ойлодуңбу жоктур деп эч кемибиз.
Азыр бизге сезилбес бүт бардыгы,
Кандай болот билбедим эртеңибиз.
Экинчи ирет сен мени сүймөк белең,
Өткөн күндүн ирмемин күрмөп келем.
Жат дүйнөнүн тургуну болуп турам,
Баштагыдай мен эми күлмөк белем.
