Редакциядан: Өткөн жылы коомдук турмушубузда жана маданият, илим тармагындагылар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгы жакшы маанайда белгиленди. Журналдын редакциясы мындан бир нече жыл мурда жазуучунун көзү тирүүсүндө алынган маекти таап, жарыялоону туура көрдү. Учурунда радиомаекти Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев алган эле. Баарлашуу залкар акын жана улуу комузчу Арстанбек Буйлаш уулу тууралуу болот.
О. Тенти: – Шүкүрбек ага, элибизди талантка бай деп жүрөбүз. Ырас эле кат-сабаты жоюлбаган элден не деген укмуштуу таланттар, залкар төкмө-акындар, комузчу, чоорчу, акылман чечендер, Толубай сындуу сынчылар чыкпаган. Ошонун бири өткөн кылымда жашап өткөн залкар акын жана улуу комузчу Арстанбек атабыз болгону талашсыз. Эң алгач ошол акын жашап өткөн доор мүшкүлүнөн азыноолак кабардар кыла кетсеңиз. Ал карама-каршы учурду улуу акын кандай ырдаган?
Б. Шүкүрбек: – Дүйнөлүк адабияттын бизге жеткен кай классикалык чыгармасын окуба, андагы кылымдар бою чирибеген өзөктүү күч доордун мүшкүлүн кыттай уютуп чөгөрө кынаптаганында экенин баамдайсың. Байыркы арабдардын «Миң бир түнү», гректердин «Одиссеясы», кыргыздардын «Манасы» кай заманда, кай жерде, кайсы элдин тирлик мүнөзү жандуу, элестүү сүрөттөлгөнү менен ар ypyy, ap тилдүү, ар деңгээлде өнүккөн адамзатынын opток руханий мүлкүнө, жан азыгына айланып келатканы доор мүшкүлүн кеңири чагылткан касиетинин күчтүүлүгүнөн экени талашсыз.
Көрөңгөсү күчтүү «Манастын» соңунан таланттуу кыргыз эли не ажайып кенже дастандардын далайын, ыр, күүлөрдү жаратып, акыры кесиптештирилген (профессионалдуу) адабият, санат өнөрүнүн канат-бутагын кең-кесири жайылтпадыбы.
Көлөмү, көркөмдүгү жагынан теңдешсиз дастандар баштаган элдик оозеки чыгармаларды жараткан алгачкы чеберлердин аты-жөндөрү бүдөмүк, а көбүнүкү белгисиз. Ошондуктан элдик чыгармалар деп атайбыз. Ак таңдай ырчылар, чечендер, акылмандардан ысымдары аңыз катары эскерилген менен кайсы чыгарма кимдин ээлигинде экени толук аныкталбай, улам кийинкилердин кошумча-алымчалары аркылуу биздин жана кийинкилердин энчисине тийди. Чыгармачыл ишмерлерден бизге аты менен заты дайындуураактары кийинки эки кылымда жашагандар: Калыгул, Музооке, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Токтогул, Боогачы… Булар төл чыгармалардын чыгаан ээлери.
Маегибиз Арстанбекке багышталмакчы. Озунуп айталы, анын чыгармачылык жана адамдык кудурети ченемсиз күчтүү болгон. Ал жан бакма жоролук, эрмек-зооктук өнөрү барлардан алда канча жогору турган, элдин намысын коргоочу, акыл-эсин көкөлөтчү даанышмандык даражага, баатырлык даңазага көтөрүлгөн залкар талант. Өз заманынын кыраакы ойчул философу, чындыкты тайсалдабай жардаган эр жүрөк кеменгери катары Арстанбек көзү тирүүсүндө эле сыймыгы артып, элдин ардактоосуна бөлөнгөн. Ошо бийик паразаттуулугун акын өзү да туйган, топуктуулук жана сырттандык менен эл калайыгынын сый-урматын көтөрө билген.
О. Тенти: – Арстанбек улуу акын гана эмес, улуу комузчу да болгон дешет. Буга бир мисал, ушунча совет доорунун чымыркана жолтоо болгонуна карабай, өзүнүн өлгөнүнө эле кылым ашканын айтпаганда да, анын ондогон күүлөрү ар түрдүү комузчулар тарабынан чертилип келгени белгилүү. Деги эле Арстанбектин ырлары болобу, күүлөрү болобу, эмне байлыгы болсо биздин доорго жеткирүүчүлөр кимдер?
Б. Шүкүрбек: – Азыр Арстанбектин көрөңгөсү мол чыгармачылыгынын көп салаалуулугуна серп салалы. Кең кулачтуу дастанчы, ташкындаган булбул көмөкөй ырчы, залкар комузчу, даанышман чечен… Бир адам ушунча касиетти куштап күтүп, өркүндөтүп, калайыктын жан кумарын кандырып, даңазасы бийликтегилерден да жогору көтөрүлүп, калыс кыраакылыкты шаңшып доордун сырын, мүшкүлүн, айкындап укум-тукумдун жүрөгүнө мөмөлөтүп үрөн сээп өтүш Арстанбектей гана сейрек жаралган пенденин шыбагасына таандык. Атаганат Арстанбектин бүт чыгармаларын чыпчыргасына дейре колубузга тийгизгенибизде өкүттө калбайт элек. Каниет кыларыбыз – даректерин билгенибиз. Эмесе, ал даректерибиз кайсылар? Алды менен Арстанбек жана анын чыгармалары жаатында даректерди жеткизгендер: Тоголок Молдо, Молдо Кылыч, Б.Солтоноев, К.Мифтаков, И.Арабаев, Ш.Рысмендеев, К.Абдыракман уулу, Мураталы, Карамолдо, Асаналы, Ыбырай, Т.Саманчин, Ш.Үмөталиев, Б.Кебекова, М.Найманбаев М.Мамыров, Б.Сабыров, А.Кайбылдаев, Б.Алагушов… Буларга реакциячыл, зыяндуу акын деп докладдарында, илимий эмгектеринде далилдеп изилдеп окутуудан алдырып келген окумуштуулар, кезегинде саясий бийликти башкаргандар: А.Алтымышбаев, К.Орозалиевдерди кошуу да ылайык.
Мына ушулардын жазгандарына, изилдегендерине таянып, өз ойлорубузду кошуп Арстанбектин чыгармачылык мурастарына көз жүгүртөлү. Акындыгы, ири алдыда дастанчылыгы, айтыштын, төкмөлүктүн, санаттын чыгаан устаты болгондугу менен баалуу.
Мурдагы жана кийинки изилдөөчүлөрдүн бардыгы Арстанбектин арымдуу дастанчылыгын «Төштүк», «Кожожаш», «Көкөтөйдүн ашы», «Бешказак», «Чоро», «Бердикожо» аталган кенже эпосторду билгендиги, келиштире айткандыгы аркылуу далилдешет.
Ал эми аты аталбай же аргасыздан жашыруун бурмаланып бүгүнкүгө дейре чертилген залкар күүлөрдүн ээси, чебер аткаруучусу, укмуштуу комузчулугу жөнүндөгү эки гана изилдөөчүнүн аныктамасы маанилүү да, кызыктуу да. Алар – Белек Солтоноев менен Тазабек Саманчин. Солтоноев Арстанбектин комузга өтө уста болгонун, бардыгы эки жүз чамалуу күү черткенин белгилесе, Саманчин Арстанбектин чоң комузчулугун өнүктүрүп, төл күүлөрдү андан өткөрө жаратып, баш-аягы беш жүзгө чукул күүнү ойкутканын, кызый келгенде чеберчиликтин чегинен ашырып буту менен да мукам чалып моокум кандырганын бышыктайт.
Бул жалпы мүнөздөмө, ошо Арстанбек жашаган доорго кыскача сереп салуу дейли. Эми сиз ошол Арстанбекке доорлош адамдардын эскерүүлөрүнө да кайырсаңыз. Ал кийинкилерге караганда алда канча так, даана маалымат бериши айдан ачык! Ошолордун бири Тоголок Молдонун атасы Музооке Арстанбектин замандашы болгон. Жаштарында гана бир аз айырма болбосо, доору, курагын да айырмачылык жокко эсе десе да болот.
Атактуу ырчы, комузчу, дастанчы Музоокенин жактырып ишеним арткан небереси Байымбет шыктуу, куйма кулак улан кезинде жердеши, бабасынын өнөрлөш шериги Арстанбекти көргөнү, укканы, маашырланганы жазып калтырган эскерүүлөрүнөн байкалган үч маалыматы бизге маалым.
Андан мурдараак Арстанбектин «Керээзиндеги»:
Журт ичинде ырдадым,
Журт жакшысын сыйладым.
Музооке менен муңдаштым –
дегенине караганда эки залкардын өтө кадырлашып сыйлашканын баса көрсөтүүбүз жөндүү. Экөө «муңдашып» өнөр сынашып, бири ырдан, бири күүдөн оош-кыйыш жеңишип, тең чыгышкандыктары жаатында айтылып, жазылып да жүрөт. Негизи өзүлөрү жактырышып, муңдашып, сыйлашып өтүшкөн. Калетсиз чындыкты Тоголок Молдо да чындайт:
Душмандын күйгөн зарпынан,
Ыйлап жүргөн Музооке
Сарбагыштын дартынан.
Арстанбек менен тең чыккан
Арстанбектен кем эмес
Акындыкта, комузда.
Арстанбек кыргыз журтчулугун мүңкүрөткөн катаал заманда жашады. Адамдык жана чыгармачылык өмүрү эли менен ошо мүшкүлдү кошо тартышып, багынбас күрөшүүчүнүн деңгээлине серпиле чыйралып чыңалды.
Анын өмүр баяны «Керээзинде» кандай баяндалса, изилдөөчүлөрдүкү өтө үндөш. Кокон хандыгынын зулумдугу, бугу менен сарбагыш урууларынын кандуу кармашы, орус оторчуларынын кысым-сүргүнү астында үстөкө-босток кыргыз элинин тарткан жапасы акындын жүрөгүн сабылтып, калкынын кайгы-муңун, каршылык-каргышын туюнткан ыр, күүлөрдү чыгарган. Мекендештери берилип угуп, жаттап, таркатып демөөр тутушкан.
Кокондук талоончулардын ашынган залимдигин Арстанбектин акындыгын ташка тамга баскандай дааналаган:
Түшкөн жери кыргыздын,
Кырк кулач терең ор болду.
Ордо жаткан эрендер,
Тизелери чор болду,
Маңдайга бүткөн шор болду.
Көчмөндүү биздин көп кыргыз,
Көк чапан сартка кор болду.
Кор болгондун көп далилинин бири катары Арстанбектин бардар атасы Буйлашты баш кылып нарындык Тынымсейиттердин аттуу-баштууларынын бир катарын Куртка чебиндеги Кокон хандыгынын зулум кушбеги кыйыктап, алык-салыкты кыңк этпей төлөп турууга мажбурлоо, күңкордукта кармоо үчүн барымтага-ак үйлүүгө деп Коконго айдатып барып туткундатат.
Арстанбек токолдон төрөлгөн, байбичелердин балдарындай анча баркталбай, козу-кой кайтарып, отун-суу алып басмырланып өсөт. Кайда жүрбөсүн жаагын жанып ырдап, эртелеп комуз чертип көңүлү куунак, акылы сергек тез торолот.
Атасынын ак үйлүүгө айдалып, кирептерленгенине байбиченин эрке уулдары сабылган менен арга издебеген соң, Арстанбек бүктөмө комузун коюнуна катып атасынын дарегин билүүгө, ылажы болсо көзүн көрүп кездешип, эл-журттун, үй-бүлөнүн амандыгын кабарлап демдентүүгө бел байлап атасынын артынан издеп жалгыз аттанып жөнөйт.
Канык тарыхчы Белек Солтоноев «Кызыл кыргыз тарыхында» ушу жагдайды мындайча баяндайт: «…Арстанбектин атасы Буйлашты Кокон хандыгына караган кыргыз ханы Алымбек кыйыктап, аркадан ичке алдырып кеткен. Он беш жашар бала Арстанбек атасынын артынан куба барып, Алымбек датка баштык кыргыздарына жана Кокон бектерине ырдап, комузга кошуп, алардын дөөлөт-сөөлөтүн баяндаганда ал жактагы ырчылардын, комузчулардан Арстанбек артыкча көрүнгөн соң Алымбек датка баштык кыргыз феодалдары жана Кокон бектери Арстанбекти абдан урматтап, үстүндөгү жаман кийимин калтырып, жакшы кийим, жакшы ат жабдык, пул ж.б. берип, кадырлап узаткан. «Эгерде Арстанбек болбосо, каның төгүлөт эле» – деп Буйлашты бошоткон. Жана да: «Муну кичи катындын баласы деп кордобостон, жакшылап тарбияла» – деп тапшырышкан. Арстанбек үйүнө келгенден баштап ал кара жумуштан калып, ыр менен комуздун артынан түшүп кеткен».
Мына ушинтип, Арстанбек жаштайынан өнөрдүн шарапаты менен жер кезип эл аралап, ажаат ачууга, туткундалган атасы баштаган мыктыларды опсуз салыктарды төлөтүүдөн да кутказып, калк намысын коргоочулукка жетишип даңазасын арттырып, Анжиян, Аркага таанылат.
Тарыхчынын сараң маалыматына сыйбаган айрым кошумчаларда булбул үндүү, мукам күүлүү, Арстанбекти Алымбек датка аймагындагы комузчу, ырчыларга чертиштирип, ырдатып, кимисин болбосун чендетпей жеңе берген соң, Кокондун хан сарайындагы сөөлөттөрдө укмуштуу өнөрпоз уланды сайратып, күү чалдырып таң калуу, жактыруу, сыйлоо-урматына бөлөнтөт. А тургай чыгаан Өзбек дутарчыларына беттештирип, алардын күүлөрүн Арстанбек комузуна мукамын арттыра чертип утушка ээ болгонуна маашырланышат.
Хан сарайынын, бектер менен даткалардын чөйрөсүндөгү жарп жазарлардын башкы сабында Арстанбек (ак үйдөгүлөрдү олжо-буйлалуу жөнөтүп ийип) дагы эки-үч жылга Кокондуктарда калганы, марып кайтканы дагы анык.
Мартабасы көтөрүлгөн бул тобокелчи сапарын Арстанбек өзү «Керээзинде» кубануу сезиминен эстейт:
Мен Арстанбек болгону,
Периште ишим оңдоду.
Тиш ырыскы, тил дөөлөт,
Тирүүлүгүң бир дөөлөт.
Аралап көрдүм ар жерди
Ашы, тою бар жерди.
Көрүп келдим кыйланы
Жыйып келдим дүйнөнү.
Далайлардан бата алдым,
Булбул ырчы аталдым,
Коконго барып жашымда,
Кыпчактардын ыктуусун,
Ордо хандын мыктысын,
Бирден терип ырдадым,
Кыйлаларын сындадым.
Сарт аке менен беттештим,
Комузда күү чертиштим.
Анжиян, Кокон аралап,
Ырчылыгым дааналап,
Кайта келдим пааналап.
Доор сүрдүм жашымда
Дуулап жүрдүм башында
Караколду бийледим,
Калк ичинде сүйлөдүм…
Ырчынын баары ыктады
Алдыма киши чыкпады…
Он бешимде белсендим,
Оң менен солго теңселдим.
Арстанбек эрте жетилип канат сермеген туйгундай он беш жашынан шаңшып, өзү тастыктагандай оң менен солго атагы жайылып, алдына эч кимди чыгарбай көрөңгөсүн көбүртүп, чеберчилигин өнүктүрүп, дөөлөтүн ташкындата берген.
О. Тенти: – Шүкө, жогоруда сиз Арстанбектин үч жылча Анжиян тарапта болгонун айттыңыз. Ал кайтып келгенден кийин дагы кимдер менен беттешкен? Мисалы, Музоокеден соң казак акыны Сүйүнбай, даңазалуу Көкөтөй чечен жана башкалар. Чыгаандарын жактырып «жакшыларга жанаштым» дейт. Жакшылар: жогоруда айтылган Музооке, казактын даңктуу акыны Сүйүнбай, мыкты комузчу, Ормондун уулу Сейилкан, даңазалуу куудул Көкөтөйлөр да? Ушул ойду уласаңыз.
Б. Шүкүрбек: – Менменсинип дөөгүрсүбөй, күчтүүлөргө бийик баа берип, салабаттуулугун Арстанбек ар убакта айкындаганынан бир мисал:
Эки элден чыккан Сүйүнбай
Башканы көргөн буюмдай,
Айтса сөзү куюндай.
Аны менен айтыштым,
Өткөн көптөн тартыштым.
Казактын эң алдыңкы акыны Сүйүнбайдын чынында эле кереметтүүлүгүн белгилеп, аны менен тең тартышкан кыргыздын дал ошондой жез таңдайы Арстанбектин өзү экени байкалып турбайбы.
Теңтайлаштардын мелдеши дайыма өзүлөрүнүн да, күйөрмандарынын да кыбасын кандырып, жарпын жазары анык го. Дал ошондой өнөр жарышы – күү чертишүү жагынан «Сейилкан менен чертиштим» дегени калайык арасында катуу дүң болгон. Ажайып комузчу, Ормон хандын каардуу да, шаңдуу да тукуму Сейилкан кыл тырмагандан алдына жан салбаган Арстанбектин дайынын угуп атайын чакыртат.
Анткени Сейилкан буга дейре өзүнөн өткөн комузчуну кездештирбеген.
Чындап эле күч, чеберчилик илесин сынашууну, «күч атасын тааныбайт» тобокелге бел байлоону чечип барктуу хан уулу калыстыкка жана чертишүүнүн кумарына канууга ар уруудагы манаптарга кабарлап чогултат.
Шарт алдын-ала катуу коюлат. Биринин черткен күүсүн экинчиси кайрыган, мукамын дал өзүндөй келтирүүгө тийиш. Кокус бир жеринен жаңылса утулганы.
Арстанбек жан жолдошу Алыбекти ала келген. Мөөнөт чектелбеген. Качан бирөө жеңмейин чертиш улантыла бермек. Набаттуу калыстар, ышкыбоз көрүүчүлөр атактары таш жарган эки залкар комузчунун узакка таймашын, моокторун кандырууга дилгирликтери артып жабалактап карап турушту. Ортодо жайлуу шаңкайышкан, таймаш Сейилкандын жүрөктөрдү элеп-желеп ашыктырган толкундуу күүсү менен башталды. Ал бүтөр замат кунттанып тигилип отурган Арстанбек куду өзүндөй куюлуштуруп улай шаңкылдатты. Ошондой эле Арстанбектин күүсүн Сейилкан ирметпей келиштире чертпеспи. Кезектер алмашылып кызыгандан кызышып, эч кынтыксыз бирин бири кайталап не керемет сансыз күүлөр чертиле берди.
Андагы тарыхый мелдеш тууралуу ар кыл аңыздар жорткон. Биринде эртеден кечке дейре делсе, экинчисинде ким-кимисин жеңе албай тыныгуу, тамактануу учурун эсептебегенде үч күнгө чейин чертишкени айтылат.
Утуша албагандарына көзү жетип, акыркы арга издөөгө мажбурланып Арстанбек жан жолдошу Алыбекке:
– Тарт маасымды? – деп бутун чечип, – Бугу энемдин арбагы колдо! – деп тобо оозанып, кестигин бутунун бармагына кыпчып, азыркы «Тогуз кайрык» аталган күүнү шаанисин чыгара чертиптир.
Сейилкан да маасысын тарттырып, кестигин бармагына кынаптап шилтегенде шайтан шаштыргандыктанбы, комузунун кылы кыйылып түшүптүр. Сейилкан Арстанбекти аттап-тондоп узатыптыр. Арстанбек да Сейилкандын өтө мыкты комузчулугун баалап, кокустук гана аны колдогонун эскерип, жеңдим дебей тең чыктык дечү экен. Ал пикири «Сейилкан менен чертиштим» дегенден башканы айтпаганынан да байкалып турбайбы.
О. Тенти: – Арстанбектин комузчулук мурасын терең изилдеген А. Кайбылдаевдин көп сериялуу радиомаегинде өтө маанилүү маалыматтарга кануудабыз. Анын бул асыл максаттуу ишин аягына чыгара улантуусун Арстанбектин мааракесине чейин негизги күүлөрүн (баарысын чогултуу кыйын) жыйнактап, табаккабы, магнит тасмасынабы жаздырууга үлгүрсө азаматтык кылар эле. Албетте, аны спонсорлордун колдоосу керек.
Биздин классик комузчуларыбыз черткен Арстанбектин тарыхый доорлорду, окуяларды элестеткен дастандарга тете «Айган», «Кой бөлөр», «Арман ботой» «Анжыян калкы» жаатында Кайбылдаевдин чечмелөөлөрү дегеле кызыктуу.
Ал эми бул тактоолору: Мураталы черткен Арстанбектин «Арман», «Тар заман», Кара Молдо черткен «Анжыян калкы», Ыбырай черткен «Арстанбектин калыс ботою», Асаналы Кыштообай уулу черткен «Кой бөлөр», Шекербек черткен «Мендирман» жана башкалар кыргыз күүлөрүнүн аталары эмеспи. Баса, кийинки таасын комузчулардан Болуш Мадазимовдун чертүүсүндө убагында Арстанбектин чардап дооран сүргөн кутман жайлоосуна жүрөгү элжиреп чыгарган «Солтон сары» күүсү өмүрүн улоодо. Улуу комузчунун мекендеш таланттуу урпактары Асанбек Кыдырназаров менен Нурак Абдыракманов адам, коом тагдырларынын философиялык маңызын баяндаган угумдуу күүлөрдү жаратып, Арстанбек баштаган сыймыктуу көчтүн азыркы улантуучулары.
Б. Шүкүрбек: – Алты дубан Ала-Тоолук жергебиздин ар тарабында залкарлардыкын гана аткарбастан, өзүлөрү күү жараткан азаматтарыбызды угуп, көрүп курсанттанып жүрөбүз. Комузчулук өнөрү кыргыздын улуттук жан сырын туюнткан колдоочусу. Ошол сыйкырдуу колдоочубуз комузубуз укумдан тукумга безелене сайрап, улам кийинки муундарыбыздын колуна өтүп жаныбызды жагалдантып, дем-кубат берип келатканы төгүнбү? Ысмы аталган жана аталбаган бүгүнкү комузчуларыбыз комузчунун пайгамбары Арстанбек бабасынын арбагын сыйлап, 170 жылдык мааракесине багыштап, анын да, өзүлөрүнүн да күүлөрүн шаңдуу кайрып комузчулардын майрамына чогулушса, ата салтын улап чертишсе, күч сынап өнөрлөрүн өркүндөтүшсө калайыктын да ыраазылыгы артпас беле?
Арстанбек мен кыйынмын деген шайырлардын далайларын кездештирип айтышка, чертишке түшкөнү, алдыга озгону, тактап айтканда, жеңгени айкын. Алардын ичинен өтө белгилүүсүн Арстанбек өзү атайылап эскерген:
Каңтарбайды каңтардым,
Калк ичинде аңтардым –
дегенине, казактын көрүнүктүү акыны Каңтарбай менен узакка айтышканы, акыры көпчүлүк алдында «каңтарып, аңтарып» жеңип качырганына кыскача токтолсок, акындыктын кунарын арттырган акылмандыктын күчтүү сыйкырына жетишкенин аңдайбыз.
Арстанбектин телегейи тегиз өркүндөп жетилген кези, сыягы:
Каркыраны жайладым,
Казакка барып ырдадым.
Тезек төрө алдында
Замана ырын зарладым –
деген учурда Каңтарбай менен айтышканын болжообуз кажеттүү.
Залкарлардын чыгармачылык мурасына өтө ыкластанып үңүлө изилдеген сынчы Ш. Үмөталиев: «Арстанбек менен казак акыны Каңтарбайды айтыштырабыз дешип 200 боз үй тиктиришет. Кожомкул деген бий калыс болот», – деп жазат.
Башка маалыматта да казак, кыргыз мыктылары атайылап чогулган топто айтыштырганы айтылат. Канткенде да бул айтышка чоң маани берилгени, боордош эки элдин эзелтен келаткан салттуу баш кошушунда атактуу акындардын күч сынашына күйөрмандык менен катышканы талашсыз чындык го.
Адегенде Каңтарбай опурула каптап, көпчүлүк алдында атаандашын алдастатуу максатын көздөйт. Арстанбек аны нарктуулукка, кыргыз, казактын ынтымак айкөлдүгүнө, ким кимин сабырдуулукка чакырат:
Сенин атың айтайын
Казактан чыккан Каңтарбай.
Менин атым сурасаң
Кыргыздан чыккан Арстанбай.
Чын-чынынан айталы
Тозок отун жазданбай.
Каңтарбай моюн бербей дагы далайга опурулат. Арстанбек бирин бири кордоп айтышуу, угуучулардын канын кур дүүлүктүрүү чабалдыктын белгиси катары санап, акыл таразасына салмактап, ааламда боло баштаган зор окуяга ой жүгүртүп, «акыр заманына» байланыштуу суроо таштап «дечи эле» деп каршылашынан жооп күтүүгө өтөт:
Калем алып кат жазган
Бесер чыгат дечү эле.
Калпты чындай шыпырткан
Кезер чыгат дечү эле –
деп о кыйлага жарданган калайыкты тунжуратып да, толкундатып да тири укмуш, мурда эч эшитпеген «жаңылыктардын» каптап келатканын табышмактатып жандырмагын талап кылат.
Арстанбек комузуна шаңдуу үнүн коштото мезелдетип бүткөндө тыңшап отуруп эси эңгиреген Каңтарбай үн дебей үңкүйөт. Анткени чечмелеп Арстанбектин «дечү эле» санатын улап жөнөөгө тукулжурап жооп табалбайт.
Курчунашы курчуп эңсеп күткөн көпчүлүк кулактарын түрүп элейишет. Калыстыкка шайланган Кожомкул бий Каңтарбайга катуу унчугат:
– Сен эмне үчүн айтышпай калдың? Жообуң кана?
Каңтарбай оңой куу эмес да. «Акыл, кыраакылык жагынан Арстанбек өйдөлүк кылып кетти, ошол себептүү жеңилдим» – дебестен минтип жооп кайтарат:
– Опурум ой, муну менен ким айтыша алат. Эки ийининде эки бала (периште) отурат. (Бөлөк маалыматта эки ыйыгында эки каракучкач конуп турат делип айтылат.) Акыр замандын ырчысы экен. Акыр заман келмек болду го. Буга адам баласы тең келип айтыша албайт го, – деп домбурасын таштап тура жөнөптүр.
Арийне, Арстанбек кеңеш сурагансып, эки мүрүсүнө алмак-салмак бурула карап ырдоочу экен. Каңтарбай кантсе да Арстанбектин зоболосун көтөрүп, колдоочу периштелери ийининде конгон касиети артык жан экен, – деп калайыктын кыйласын ынандыра, эптеп шылтоо таап кутулган имиш.
О. Тенти: – Шүкө, эми Арстанбек акын ким менен беттешип, кандай чөйрөдө ыр жамгырын төкпөсүн ал акын болуп энеден туулган адам болгон. Ал кишинин бизге калтырган башкы байлыгы да ырлар. Ошонун айланасында кийинки 50–60 жылда канча талаш-тартыштар болбоду. Эгер ал катардагы эле акындардын биринен болсо, ушунча сөз болууга арзыйт беле деген ой келет. Сөзсүз улуу акын, өз заманынын күңгөйүн күңгөйдөй, тескейин тескейдей ырдаганы үчүн «Социалисттик идеологияга» жакпай, акынды жексур көрсөтүп келди. Эми кеп төркүнүн ушул багытка бурсаңыз деген ойдомун. Арстанбек акын катары деги эле ким?
Б. Шүкүрбек: – Азыркыларга өз вариантында жетпеген дастандарынан, чала-чарпы энчибизге тийген санат, төкмө, айтыш, керездеринен сырткары Арстанбектин ырчылык өнөрүндөгү атактуу жана да «чырлуу» чыгармасы, ээсин реакциячыл атанткан «Тар заманы». «Замана» поэзиясы делген «Зар заман» түшүнүгү кыргыздардын акыл-эсине Арстанбектен жашы, жолу улуу устаты, кезегинде олуя атыккан Калыгулдан башталган.
Калыгул даанышмандык насааттарын обонго, комузга коштотпой макалдата жорго сөз менен уйкалыштырып ташка тамга баскандай уккандардын мээсине мөөрлөй айтчу экен. Атактуу илимпоз, агартуучу Ишеналы Арабаев 1925-жылы чыккан «Чоңдор үчүн алиппесинде» «Калыгулдун сөзү» деп арбын мисалдарды киргизип эң туура аныктама берген. Шапак Рысмендеев «Калыгулдун масели» деп анын чыгармаларын жыйнаган.
Тоголок Молдо бышыктагандай «Калыгулдун сөзүн Арстанбек булбул ырдачу экен. Мына ошондон кийин биздерге чейин айтылып жүрөт».
Буга дагы кошумча аныктоону Б. Солтоноевдин «Арстанбек жана да Калыгулдун айткан сөздөрүн жатка алып, аны арбытып узартып жиберген» дегенинен табууга болот.
Демек, «Акыр заман», «Тар заманды» ырга айлантып өнүктүргөн комуз күүсүнө коштоп муңканган Арстанбек экенин Шаршенбек Үмөталиевдин далилдегени, анын Тоголок Молдо менен Молдо Кылычтын бул түрмөктөрүнө таянганы өтө ишенимдүү.
Арстанбек «Тар заманын» орус оторчулары басып кирген, өзү көргөн чындыкты чөмөрүп, улуу устаты даанышман Калыгул алдын ала угуп, туюп, көрөгөчтүк олуялыгы менен айтып кеткени дал келгенин дааналап сүрөттөйт.
Арстанбек өз доорунун алдыңкы өкүлү, сезимдүү интеллектуалы катары эл-журтуна алдын ала дагы бир жаңы баскынчылык каяктан, кандай амалдуу түрдө, кандай максат менен келатканын мына ушундайча, кашкайган чындыктын көшөгөсүн түрө түшүндүргөн, көргөзгөн.
Бара-бара реалист акын орус падышачылыгынын кыргыз жергесине жеткен бийлөөчүлөрү ар тараптан кысым көрсөтүү менен катар ээлик кыла, үстөмдүк жүргүзө баштаганын санжаптайт.
Калыстыкты туу туткан акын канчалык чындыкты чыңырта айтпасын каардуу бийлик укчубу?! А түгүл жаагын жап кылып, тындымдаткан учурлар да байыртадан болуп келбедиби. Бийлик менен таланттын арбашы абалтан «ит жыгылышка» айланып, адегенде кубаттуу бийлик зордугу үстөмөндөтсө, тээ кийин мезгил соту, тарых адилеттүүлүгү таланттын (учурунда басмырланган, кордолгон) чындыгын далилдеп актап, жеңишин жардап келүүдө.
Баса, эшик ырчы, кошоматчы таланттарды да тарых, кийинки учурлар да билет. Кеп Арстанбектей адал ойлуу, эр жүрөктүү таланттын тагдыры, ишмердиги жаатында козголууда. Дал ошол эр жүрөк баатыр, тайманбас, тагдырын тобокелге салган, эл мүдөөсүн баарынан жогору ыйыктаган Арстанбек кыргыздардын шоруна зээни кейип, өз кайгысына айланганын муңкана шаңшыган.
Карагайдын таңында
Эрмек болду элибиз.
Каптаган тузду көтөргөн
Көлүк болду элибиз.
Башка чапса былк этпес,
Өлүк болду элибиз.
Бул канаттуу саптар калайыктын арманы катары ошол күндөн кийин тыюу салынган мезгилде дагы укумдан-тукумга жатталып келүүдө. Чынчыл таланттын утушу ушул эмеспи?
Арстанбектин «Тар заманы» жөнүндө оюбузду бул жаалдуу түрмөгү менен жыйынтыктообуз бүгүнкү катаалчылык күндө да кайрадан жаңырып угулушу маанисин жоготпогонун бышыктайт.
Ушу заман тар заман,
Азылууга бар заман,
Бечарага зар заман.
Заманың келди закымдап,
Тайган иттей такымдап!
Адатта ар акын өзүнчө философ деп айтылат. Антсе да акындын акыны бар эмеспи. Арстанбекте нукура акындыкка зор кубаттуулук, чалгын канат берген терең ойчул философтук касиет күчтүү. Атына жараша затын өтөй ала турган адамдын тагдыры, абийири, коомдогу орду Арстанбектин түшүнүгүндө, таразалоосунда өтө жогору, ыйык:
Ааламга атың кетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да,
Жаратылыш – дүнүйө,
Бүт колуңа өтсө да –
Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң.
Кайратың зоону бузса да,
Чөмүчүң көлдү сузса да
Оозуңан чыккан сөзүңө
Тоо упурап учса да –
Эл менен сен адамсың,
Элден чыксаң айбансың.
О. Тенти: – Бул философиялык таамай мүнөздөмө кайсы доордо болбосун адамзатынын төбөсү көрүнгөн интеллектуалдарына карата берилүүчү баа эмеспи. Даанышман акын анык интеллектуал ишмер дайыма эли менен тагдырлаш, азабын да, жыргалын да бирге тартышканда гана бийик болорун, ал эми кара жанынын камын жеп, керт башынын бейкуттугун, күлпөтүн түзүп элден сырттаса (чыкса) кийикке окшоп жапайы жанбагарга айланарын Санчы сынчыдай сыпаттап, өзүнө таандык, поэзия тили менен кынаптап келиштире айтканын карабайсызбы? Эми ал акынды күнөөлөгөн саясий айыпка да токтоло кетсеңиз?
Б. Шүкүрбек: – Арстанбек чыгармаларына канча мертебе саясий айыптар тагылып, караланып катуу тыюулар салынбады. Бирок калайык Арстанбекти эсинен чыгарбады. Дасыккан комузчулар атын жашырып күүлөрүн чертсе, дилгир жүрөктүү адамдар ырларын көкүрөккө жаттап келишти. Бийликтин буйругунан калктын каалоосу жогору турарын Арстанбектин мисалында мезгил сыны дагы бир ирет айкындады.
Арстанбектей чыгаан таланттар канча жарат алса да, улам убакыт дарысынан айыгып, чабуулга кайтадан шаңдуу кире берүүчү жоокер кол башчынын тагдырына окшош өмүр сүрөт тура. Улуу Арстанбектин 170 жылдыгын белгилөө иши өкмөт тарабынан жардык аркылуу чечилди, Өкмөттүк комиссия түзүлдү. Жергиликтүү комиссия да бар. Жолу катуу Арстанбектин баалуу чыгармачылыгы, 170 жылдык өмүрү, Анжыян, Арка же азыркыча түндүк, түштүк дебей жалпы кыргыз журтчулугуна өтөгөн кызматы алгачкы мертебе салтанаттанып аткан соң, улуттук абийир, намысты туу тутуп жогорку деңгээлде өкмөттүк камкордук астында өткөрүлөрү абзел.
Тумандаган мезгилдердин алыскы аралыгынан саясат өкүм сүргөн мезгилде киргилдетилип бүлбүлдөгөн Арстанбек мындан ары эркин, эгедерлүү мекенибизде көз карандылыктан тазарткан ачык мейкинден өчпөс жылдыздай эли-журтубузга жаркып көрүнө бермекчи.
О. Тенти: – Улуу ойчул, улуу акын, чыгаан комузчу атабыз, бабабыз Арстанбек Буйлаш уулу жөнүндө татынакай маек курганыңызга ыраазыбыз.