Сыйкырчы кыялдарым
(Т. Турсунбаеванын жаркын элесине)
Эки дүйнө аралыгын тең көрүп,
Эбегейсиз кулачымды кең керип.
Сен ойногон тасма тарттым бир укмуш,
Кыялымда кайра сага жан берип.
Жеңип чыктык тагдырыңдын кысымын,
Кайра баштап ширин жашоо кызыгын.
Оттой жанып, дүңгүрөтүп дүйнөнү,
Оргуп чыкты Таттыбүбү ысымың.
Таптым сени, тарттым сенден бир элес,
Тасма болду, «шедеврден» кем эмес.
Образыңдын даражасын байкасам,
ОСКАР тургай НОБЕЛЬ дагы тең эмес.
Келдиң ооба. Келдиң кайра киного,
Келбетиңди көрүп турдум кинодо.
Тагдырыңды жасап койдум бакыттан,
Тыюу салып, кайра сени кыйноого.
Театрда кайра жанып жамалың,
Тынбай учуп, каккыладың канатың.
Даңазалуу өмүр сүрүп баратты,
Дат баспаган алтын өңдүү ажарың.
Баягыдай күлмүңдөгөн жүз менен
Бактылуумун, бактылуу деп кыйкырчы!
Кайран ак куум, кайра сени жараткан,
Кандай сонун, кыялдарым сыйкырчы.
Жаш калемгерге
Сөзгө-сөздү кынап тур,
Сөзмөрлөргө сынаттыр.
Чыңалганда эң сонун,
Чыгармаңдан чыгат сыр.
Ыр дүйнөгө багыт бур,
Ырыс тилеп, багып тур!
Сан миң ойду камтыган,
Санат менен бакыт кур!
Такшаласың, сынасың,
Ташка башың урасың!
Өзүң иштеп өзүңө,
Өнөр жолун курасың!
Жалтанбагын, жандагын,
Жарга түшүп калбагын.
Эмгектенсең токтобой,
Эгем берээр калганын…
Ойдо баарын жазып көр,
Ооруп өңдөн азып көр!
Орой кылбай мамиле,
Оокатыңдай назик көр!
Өмүрлүк жар кылайынчы
Өзүңдөн алыс такыр качпайынчы,
Өзгөгө көз нурумду чачпайынчы?!
Ар дайым бактылуулук коштоп жүрүп,
Армандуу ырым такыр жазбайынчы?!
Түбөлүк кучагыңдан чыкпайынчы,
Сен менен өмүр сүрүп жыргайынчы?!
Кадырлап Жараткандын чоң белегин,
Таптакыр кыянаттык кылбайынчы?!
Тескери, жаман жолго баспайынчы,
Турмуштун тетир жолун ашпайынчы?!
Тартуулап берген сенин ак сүйүүңдү,
Түбөлүк аздек тутуп сактайынчы?!
Башканын көңүлүнө түшпөйүнчү,
Башканын тагдырына бүтпөйүнчү?!
Бапестеп сенин аппак сезимиңди,
Бакыттын пайдубалын түптөйүнчү?!
Каршылык жолдун баарын жеңейинчи,
Бактыма жалгыз сени теңейинчи?!
Апакем көптөн бери күтүп жүргөн,
Өзүңдү келин кылып берейинчи?!
Булактай тунук сүйүү сунайынчы,
Мөлтүрөп мээримиңе тунайынчы?!
Өмүрдүн жыргалында жашоо үчүн,
Өзүңдү өмүрлүк жар кылайынчы?!
Жашоонун жыргалында жашоо үчүн,
Жалгызым жан шеригим кылайынчы?!
Кел замандаш
(Базар-Коргон районунун жүз жылдык майрамына)
Кел, замандаш, кең пейил элибизге,
Жаңгак токой, жапжашыл төрүбүзгө.
Тунуктугу мухиддин дал өзүндөй,
Чалкып жаткан, Кутманкөл, көлүбүзгө.
Кел, замандаш, жүз жылдык майрамыма,
Кең тарыхтуу миң жылдык аймагыма.
Назар салып, мээримиң төгүп кеткин,
Кымыз, саамал, айран, сүт, каймагыма.
Жергиликтүү каада-салт жөрөлгөбүз,
Бай келебиз байыртан, өнөргө биз.
Жаркыган күн батса да жарык өчпөй,
Жанып турат ар дайым көрөңгөбүз.
Жаратылыш токой, суу кениндебиз,
Ак мөңгүлүү тоолордун төрүндөбүз.
Ушул жерди байырлап калган элек,
Улуу элдин байыркы көчүндө биз.
Мейман доско сый-урмат артып келген,
Көп улутту койнуна камтып келген.
Балдарына өткөрүп берүү үчүн
Бабалардын мурасын тартып келген.
Жигиттери оор жүгүн алаар колдон,
Кыздары бар жаңылбас басаар жолдон.
Берекеси төгүлгөн куттуу жерим,
Быйыл мына жүз жашта Базар-Коргон.
Кел, замандаш, жүз жылдык майрамыма,
Кең тарыхтуу миң жылдык айгагыма.
Акын дебе
Адам санын көбөйтүп жүргөн араң,
Ата Журтка пайдасы тийбес жаран.
Акын дейсиң, акындай сыпатым жок,
Акын дебе, бир жанмын сөзгө сараң.
Артып алгам жонума арабамды,
Аңдап келем күнүгө ар адамды.
Акын болуш мендейге кайдан дейсиң,
Араң жүрөм тойгузуп кара жанды.
Күйпөлөктөп дүйнөмдү тооруп желе,
Кыйратпадым ыр үчүн ооруп деле.
Күмөн санап тобокел кылбай жүрүп,
Кетсе керек, жан дүйнөм соолуп деле.
Өнөр үчүн күйбөгөн жаным деле,
Өйкөлбөгөн, жоорулуп далым деле.
Өзөктөн бир жакшы ыр жарала элек,
Өпкөлөтүп сен мени акын дебе!
Колумдан бир, жакшы ыр жарала элек,
Күйүктүрүп сен мени акын дебе.
Кезигишпей
Сезимдерим сени издеп кайкып турат,
Сени көрсөм көздөрүм балкып турат.
Көңүлүмө көп сөздү каткан менен
Каректерим жашырбай айтып турат.
Делби кылат жүрөктү, жалган-чындар,
Дагы кандай маңдайга жазган күн бар.
Кер башымды кемирип бүтчү болду,
Кабырганын астында калган сырлар.
Мейли өмүр, бир келчү конок болсун,
Мейли бул күн эртеге жомок болсун.
Мээримиңе бир тойсом ыраазымын,
Мейли сенин кучагың тозок болсун.
Багытыбыз белгисиз кесилиштей,
Баскан жолдор баратат кесилишпей.
Өзүң гана жашайсың жүрөгүмдө,
Өтсөк дагы өмүрдөн кезигишпей.
Биримдик
Биримдик менен баарына жетсе болот,
Биримдик менен бийиктеп кетсе болот!
Бир муштум болуп түйүлүп ажырабай,
Биримдик менен булуттан өтсө болот!
Бириккен колдор, бир жеңден чыкса болот,
Биримдик менен дөөнү да жыкса болот!
Биринин кемин толуктап турса бири,
Бир канат болуп бүркүттөй учса болот!
Ырыскы, кутту жайнатып төксө болот,
Ыркы жок элдин кадыры бөксө болот!
Ыдырап улам, чачылып бөлүнгөнчө,
Ынтымак болуп ар ишти чечсе болот!
Улуу журт үчүн баарысын кылса болот,
Улуттун жүзүн таанытып турса болот!
Урпакка калаар унуткус тарых жасап,
Урабас кылып пайдубал курса болот!
Биримдик менен баарына жетсе болот!
Бийиктеп улам, булуттан өтсө болот!