«Омар Хайям жана Мен» түрмөгүнөн
Ууртап татсак жүрөгүбүз тазарган,
Уктабастан издеп чыгып базардан.
Таппай жүрөм шарап куюп ичүүгө,
Кумараны жүрөгүңдөн жасалган.
Биздин кылым – акылмандар суюлган,
Ач көздүүлөр көбөйгөндөй туюлган.
Издеп келем толтурууга бөксөсүн,
Идишиңди карегиңден куюлган.
Көңүл бүтүн дүнүйөгө бурулган,
Жарыла албай көкүрөктө бугуңдан.
Өзүң тиктеп тургансыйсың тигилип,
Топурактан жасалган бүт буюмдан.
* * *
Жаша, бирок унутпагын өлөрүң,
Душмандарың кошо келип көмөрүн.
Көз ирмемге аралжыга келе албайт,
Тирүү кезде бийиктиги төбөңдүн.
Тепсе, бирок топуракты кордобо,
Ал айланат түбөлүктүү ордоңо.
Ай-жылдарга чачып кеткен өмүрдү,
Кайра жыйнап аламын деп ойлобо.
Сулуулукка суктан ичиң күйгүзбөй,
Кумарга бат, бирок колуң тийгизбей.
Аруулугун карегиңе катып кет,
Жан адамга көргөзбөй да, билгизбей.
* * *
Бул дүйнөдөн кетем, балким, арманда,
Замандашың боло албай калганга.
Элим үчүн кулдай жашап өтсөм да,
Эч убакта кулдук урбайм хандарга.
Таажы ошол – ким кийсе да жарашат,
Тагың ошол – көрүнгөндөр талашат.
Акындыгың талаша албайт эч-эчким,
Акындарга кандай айтса жарашат.
Бакыт эле өзүң менен бир болуу,
Дайыным таппай барат окшойм болжолу.
Мындамын деп дайыныңды билдирип,
Кумарадан көзүң кысчы бир жолу.
* * *
Чач агарып барасың деп улгайып,
Айтпа мага, угуп алгын кимде айып.
Санаа менен карыткан сен жүрөккө,
Сүйүү болуп кирип алып уурданып.
Көп жылдан соң топурактан кайра алып,
Каректериң көз мончокко айланып.
Сук көздөрдөн сактаса экен деп тилейм,
Сулуулардын моюнуна байланып.
Сөөгүм да жерге сиңип кетпесин,
Мейли аны чебер уста тепсесин.
Турпагымдан Жаратканым оо кийин,
Кумара эмес, жасаса экен теспесин.
* * *
Бакыт деген байлык эмес чынында,
Бакыт деген сенин, менин ырымда.
Топуракта калган менен денебиз,
Ырлар жашайт кылымдардан кылымга.
Ичкен шарап гүлдү боёйт кызылга,
Гүлдү аралап кыздар чуркайт тызылдап.
Көр ичинде калган менен денебиз,
Ыр ырдалат мүрзөбүздүн тышында.
Анда деле жер айланат огунда,
Биз гана жок өмүрлөрдүн соңунда.
Шарап коштоп биздин ырлар ырдалат,
Шапар тепкен тирүүлөрдүн тоюнда.
* * *
Айбат кылып Кудайыңа сыйынбай,
Чөгөлөбөй жанды сактап чымындай.
Азгырылбай шарапка да сулууга,
Кетериңде кеттиң бекен кыйылбай.
Атак издеп өйдө-төмөн урунбай,
Албууттанган дарыянын нугундай.
Азиреил келген кезде алкымдап,
Койдуң бекен тоготпой да, бурулбай.
Аалам сыры жумуртканын кырындай,
Кынтыгы жок, белгиси жок кымындай.
Акыл калчап, падышадан жогору,
Сенин ырың дербиштердин ырындай.
* * *
Карасаң, эй, мүрзөдөгү шыбактын,
Аңкыган бир жыты урат буруксуп.
Ошол үчүн жалгандыгы билинбей,
Ошол үчүн тирүүлүк сен улуксуң.
Карасаң, эй, мүрзөдөгү гүлдөрдүн,
Мынча кооз көздүн жоосун алганы.
Ошол үчүн кайгы-капа билинбей,
Унутулат бул дүйнөнүн жалганы.
Карасаң, эй, мүрзөлөрдү аралап,
Учуп конот татынакай көпөлөк.
Муңдуу жүрөк толтосунан өткөрүп,
Мунун баарын адам гана көтөрөт.
Ырыскысын берип турса Теңирим,
Акаарат сөз айтмак ага деги ким.
Ырыскы де, насибиңе буюрган,
Өзүң өпкөн сулуулардын эринин.
Дуба кылгын кайра таңды көрүүгө,
Сулуу эрдин кайрадан бир өбүүгө.
Улагаңды душман буту баспасын,
Уламалар болсун дайым төрүңдө.
Сен сыяктуу шапар тээп, жазып чер,
Сен тууралуу икая айтсын чечендер.
Кумарадан турпагыңдан жасалган,
Шарап ичсе, сакайышсын кеселдер.
* * *
Омар Хайям: «Иче бер» – деп жазса да,
Шарап татпай баш коёмун саждага.
Билгенден соң сурагына аларын,
Табит тартпайт бир Кудайдан башкага.
Ырайымы болобу деп Теңирдин,
Ыйман күтүп Исламга берилдим.
Жалгандыкка чыдап келгем жеңилбей,
Жан ширинби, Жаратканга жеңилдим.
Периштелер болобу деп жанымда,
Жай намазга жыгыламын таңында.
Ойлоруңа каршы чыккан пендеге,
Омар Хайям таарынбагын, таарынба.
Алыкулдун акыркы түнү
Кыйчылдатып шамал ачкан эшикти,
Кайра жаап ич жагынан бекитти.
Бекитти да кирип кетти үйүнө,
Кайра кайтып чыкпоочудай сезилди.
Шамал урду, жамгыр урду эшикти,
Балким укту, балким баарын эшитти.
Балким күлдү, балким кошо ыйлады,
Балким эрте, балким эми кечикти.
Жарык өчтү, өчкөн жарык жанбады,
Көөдөй түн бул – ал кайгынын салмагы
басып калды үйдү дагы, өзүн да,
Издеп жоктоп, ага эч ким барбады.
Жылдыз учту, учкан жылдыз жоголду,
Жан дүйнөсү тыңшап турду обонду.
Бир кыйкырык чыкпай жатты көөдөндөн,
Бир кайрыгын эстей албай обондун.
Терезеден жарык кирди таңында,
Ал жатыптыр муздак очок жанында.
Калем сабы, барактары чачылып,
Жатат сүрдүү тагдырына багынбай.
* * *
Кечир мени, кечирип кой тууганым,
Жок дегенде карманалбай үч күнгө.
Кайсы шайтан азгырганын ким билет,
Күлүп ийдим тажыяңдын үстүндө.
Ар жок дешет күлкү менен уйкуга,
Оо, бир кезде мени узатып жатышып.
Көздөрүнөн жаш аккыча күлүшөт,
Калат кайгы күлкү менен чатышып.
Табияттын заңы экен нетейин,
Адамдыктын абийирине сыйбаган.
Бирок азыр мына ушул мыйзамды,
Табияттан мен тапкандай кыйналам.
Кечир мени, кечирип кой тууганым,
Ушул жорук салды мени мүшкүлгө.
Кайсы азыткы азгырганын ким билет,
Күлүп ийдим тажыяңдын үстүндө.
Илхом
Күттүрбөй келген коноктой,
Айтылса бүтпөс жомоктой.
Бир учур болот керемет,
Миң жылда өчпөс боёктой.
Көңүлдү көккө сермеген,
Сезимди бийлеп термеген.
Бир учур болот ажайып,
Акылга бийлик бербеген.
Арылтып бардык күнөөдөн,
Акылды айга бүлөгөн.
Бир учур болот ушундай,
Жашоону алга сүрөгөн.
Бир учур болот сыйкырдай,
Жан дүйнөң үнсүз кыйкырган.
Жапжарык болуп чар тарап,
Жашоодо баары унтулган.
«Илхом» дейт ошол учурду,
Капилет келип бойду алган.
Терметип башка дүйнөдө,
Тереңде жаткан ойду алган.
«Илхом» дейт ошол учурду.