АКЫНДЫ ЭСКЕРҮҮ
Кыргыз жазуучулары, акындары жана окумуштуулары жалган куранда залкар акын Эсенгул Ибраевдин туулган күнүнө карата Кувейт университетинде илимий-конференция өткөрүштү.
Э. Ибраев кыргыз окурмандарына өтө белгилүү акындардын бири, учурунда анын чыгармачылыгына сынчылар жана акындар жогору баа беришкен. Акындын чыгармаларынын он томдук жыйнагы жарык көргөн. Ал Кыргыз Республикасынын эл акыны, бир нече жогорку окуу жайлардын ардактуу профессору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын сыйлыгын алган. Азыркы учурда Эсенгул Ибраев атындагы фонд иштейт. Фонд чыгармачыл жаштарды тарбиялоого, жардамга муктаждарга кайрымдуулук жардам берет жана чет элдик маданий байланыштарды жүргүзөт.
Эсенгул Ибраевдин ысмы Нарын шаарындагы орус-кыргыз орто мектебине ыйгарылган жана айкели орнотулган. Ошондой эле борбор шаарыбыздын бир көчөсүнө ысмы берилген.
Э. Ибраевдин көркөм чыгармалары «Ала-Тоо» журналына дайыма жарыяланып турган.