ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУНУН ПЛЕНУМУ Бирдин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумда Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскуловдун отчету угулду. А. Рыскулов Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген беш жыл ичиндеги адабий жаңылыктарды, жаш таланттардын келиши жана айрым жарык көргөн китептердин ийгиликтери, кемчиликтери жөнүндө кеп козгоду. Төрага өз арызы менен кызматтан бошоду. Кыргыз Республикасынын…
Рубрика: АЛА-ТОО. 2019. № 2. БИРДИН АЙЫ.
Бакыт БАЙМЫРЗАЕВ
КУЙКУМ СӨЗДҮҮ САТИРИК-АКЫН Акын 1933-жылы 12-октябрда Чүй районуна караштуу Бириккен айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Балалыктын бал татыган доору, өспүрүм курагы алаамат согуш жылдарына туш болду. Балдар бир мезгилде окуп да, колхоз ишине чоң күч катары жардам берип да турушкан. Доорубуздун залкар жазуучусу Ч. Айтматов белгилегендей, бул мезгилдин балдары «согуштун балдары» аталып, аларды согуш тарбиялап, телчиктирди….
Төлөгөн КОЗУБЕКОВ
КӨК ТЕҢИР 3-БӨЛҮК Көк Теңирге алып барчу АЙКЫН ЖОЛ – ТОГУЗ ТААТ Эсиңе түй, момун пенде – Көк Теңирге алып барчу айкын жол: Тогуз–таат ичинде Бир улук , Эки бийик – жетегиндеги отуз–огожо , токсон тооп аркылуу өтөт. Тогуз таат Түшүндүрмө: Таат–сыйынуу, ишеним, моюн сунуу . Ар бир пенде Көк Теңирге ишенип, анын кудуретине моюн…
Бекташ ШАМШИЕВ
ӨТКӨНДҮН ӨКСҮКТӨРҮ Редакциядан: Бекташ Шамшиев бир нече жылдан бери кыргыз адабияты, журналистикасы, тил илими жана котормочулук багытта талыкпай эмгектенип келет. Ал бир нече илимий жана публицистикалык китептерди жарыялады. Б. Шамшиев «Азаттык» радиосу аркылуу кыргыз руханий дүйнөсүнө, коомдук турмушуна өз салымдарын кошкон чыгаан эр-азаматтары жана алардын татаал тагдырлары жөнүндө даректүү баяндарды уктуруп келди. «Ала-Тоо» журналынын редакциясы…
Өскөн ДАНИКЕЕВ
3АЛКАР (Эссе) Айтматов … А кишинин таржымалын, жазгандарын окубаган жан жок чыгар. Жакында 90 жылдык мааракесин белгилөө боюнча Өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы жарыяланды. Бул жалаң Айтматовго эле эмес жамы жазуучулар журтуна көрүлгөн камкордук катары кабыл алынууда. Кылымга жетпеген мезгилде ушунчалык бийик атакка татыктуу болуу, чынында, ар кимдин эле насибине жазылган эместир. Колунан көөрү, оозунан…
Мурзапар Үсөн аль Мервани
Атемир кандын көз жашы (Поэма) «Өлтүрсөң өлөрүм бар, Өлбөчү өнөрүм бар. Астырсаң денем калар, Ырларым оттой жанар». (Токтогул) Асырап жакшысын да, жаманын да, Жердеги өтмүш бир заманында. Не күндөр баштан кечкен пендесинин, Бул жерлер күбө турат таманыңда. Дүркүрөп бирде толуп, бирде кыйрап, Тирүүлүк бирде күлүп, бирде ыйлап. Гүл заман, зар замандар келип кетип, Пендесин турган…
Курманбек КАРАБАЛАЕВ
* * * Сен жакта да жамгыр жаадыбы, Алма, өрүк бүчүр алдыбы. Оо, бир кезде өзүңдү сүйгөн, Кырчын жигит эсте калдыбы. Боз адырлар гүлгө толдубу, Сен жакта азыр шамал болдубу. Сени менен сүйлөшөм минтип, Унутпадым сени көрдүңбү. Сага дагы бырыш түштүбү, Бирин-экин чачың агарып. Мончок көзүң дале ошолдур, Көргөн жанды күйүп каратып. Бир дүйнөдө эки…
Дыйкан КЕРИМБАЕВ
Кеч күз Жымжырт, доошсуз, мелтиреген өлүк түн. Мезгил чайпап, мелт-калт сыртта караңгы. Күздүн жели жүрөт көчө тазалап, Ийнедей суук көзөп турат таманды. Тарбайган тал жөргөмүштөй өңү суук Татымы жок минуталар агылат. Ышкырыктай ырды созуп терезе, Ыңаалаган ырайы суук туш-тарап. Түндүн ыры супсак, суздук негедир, Суру качкан табигаттын жүзүнөн. Аяз камап койгон түнүн кеч күздүн, Бир…
Рыспек АДИЕВ
Бейтаанышка Бейтааныш кабатырсың кайгы жандай, Кайгы жеп, капа кылган бирөө бардай. Байкачы, айланаңа көзүң салчы, Тирүүлүк ана жүрөт сени жандай… Мүңкүрөбө байкуш бир жамандардай, Айласыз көңүл чөккөн алсыздардай. Байкасаң жакшыга да, жаманга да, Күн нуру текши төгөт эл тандабай… Көнөктөп жаан төгүлөт, ансыз көлдө, Тамчы суу жок кунарсыз кумдуу чөлдө, Кыймылсыз алар жатат айласы жок,…
Усман ТЕМУР
Дүйнө кезет кыргызым Саякаттын сыйкырына багынып, Сонун фотоаппаратты тагынып Шарип досум кайтты кече Мисирден Өзгөндөгү кичи айылын сагынып… Бүгүн көрдүм врач Сонун эжени, Мейман кылган француздар мекени… «Алты күндө зериктим, – дейт Парижде, Кандай жакшы Ошубуз бар экени!» Келе жатсам учак менен борбордон, Ырчы Асан орун алды сол колдон. Ал сүйлөдү: «Нью-Йорк кетсин айланып Өзүбүздүн…