Чындыкты айтсаң, кылыч сага сунулбайт Чындыкты айтсам жашарамын, карыбайм, Чындык менен жүрөгүмдү дарылайм. Желкеме окту такаса да чындыкка, Жетүү үчүн чарчабайм да, талыбайм. Чындык үчүн күйдүм далай өмүрдө, Изи калган кетпес болуп көңүлдө. Түйшүгүңдү тартып келем оо чындык, Күнү-түнү түшүмдө да өңүмдө. Чындык өзү күн нурундай жымыңдайт, Ал көрүнбөйт, кулагыңа угулбайт. Эсте болсун чындык болсо…
Месяц: Июль 2019
Кайырбүбү ЧОЛПОНКУЛОВА
Сен жашап ырларымда Сен менен сүйүү гүлүн үзсөм дегем, Бакыттын айылына түшсөм дегем. Тагдырдын сыноолорун бир көтөрүп, Болсо да кандай тоскоол түтсөм дегем. Сен менен жакшыларды күтсөм дегем, Сен менен келечекти түзсөм дегем. Жомоктой бирге өткөрүп гүл өмүрдү, Махабат дайрасында сүзсөм дегем. Сен менен аппак таңды тоссом дегем, Булбулдай үнүм сага созсом дегем. Өмүрдүн кыш…
Кундузбү МАМАТОВА
Жолукчу Тайсалдап турат сезим чоочун болуп, Буулугат көкүрөккө арман толуп. Кең аалам тар көрүнүп булут басса, Тумчугуп арзуу ыйлайт обон созуп. Көзүңдөн баякыдай мага таандык, Жылдызың издеп жүрөм куса тооруп. Жолукчу, жакшы сөзүң мага арнай, Үшүгөн колдорумду бекем кармай. Жылытчы демиң менен үйлөп-үйлөп, Үмүттүн жибин үзүп азап салбай. Махабаттын пайдубалы урабасын, Бул сезим өтөлекте моокум…
Мая ОСМОНКУЛОВА
«Омар Хайям жана Мен» түрмөгүнөн Ууртап татсак жүрөгүбүз тазарган, Уктабастан издеп чыгып базардан. Таппай жүрөм шарап куюп ичүүгө, Кумараны жүрөгүңдөн жасалган. Биздин кылым – акылмандар суюлган, Ач көздүүлөр көбөйгөндөй туюлган. Издеп келем толтурууга бөксөсүн, Идишиңди карегиңден куюлган. Көңүл бүтүн дүнүйөгө бурулган, Жарыла албай көкүрөктө бугуңдан. Өзүң тиктеп тургансыйсың тигилип, Топурактан жасалган бүт буюмдан. * *…
Мая ОСМОНКУЛОВА
* * * Бир жакшынын арбагындай көзү өткөн, Кирпик какпай аруу түндү күзөткөм. Көз ирмеми жанып өтпөй жадымдан, Көкүрөктөн жаз өткөн да, күз өткөн. Түндөн коркуп түшүп келген түндүктөн, Түбү түшкөн ой-санааны күзөткөм. Жүлүнүмдү жулуп бара жаткандай, Жүрөгүмдөн кек өткөн да, ыза өткөн. Жараткандын өкүмү өктөм, күчү өктөм, Жазыгы жок жигит өткөн, кыз өткөн. Түн…
Бурулкан САРЫГУЛОВА
Жарды күндөр калды жолун таба албай Бөз көйнөкчөн учур кандай жакшы эле, Аппак жүрөк, акак ойлор бийлеген. Пастык менен текебердик дегенге Таза дүйнө жем болорун билбеген. Бийик эле аруулук да, ариет, Жука кезде жонубузда кийимибиз. Бөксө толду, көкөлөдүк, а бирок Бага албадык көңүл деген үйдү биз. Көр дүйнөгө, кур сөөлөткө тең кылып, Түштү ниет пендечилик…
Бексултан ЖАКИЕВ
Өмүр өтөт билинбей (Эссе) Советтер Союзунда өткөн кылымдын 80–90-жылдарында саясы маңыздагы жана саясатташтырылган жыйындар, пикеттер, иш таштоолор, ачка кесерүүлөр тынбай өтүп, айрымдар аларды коомдук түзүлүштүн оңолушу үчүн уюштурса, кайсы бирөөлөр үчүн ал акциялар эриккендеги эрмек, дагы бирлер үчүн ынтымакты ыдыратууну көздөгөн ээнбаштык болгон. Буга окшогон жосундар Совет бийлигинин тажатма системага айланып, картайып да, каржалып да…
Кожогелди КУЛТЕГИН
Башка чабылган скрипка (Поэма) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 1942-жылы туткунга түшүп, кийин Казакстанга келгенде туткунга түшкөнү үчүн сот жообуна тартылган, алты жыл Колымада абакта жаткан, 1992-жылы май айында расмий түрдө жазыксыз деп таанылган (толук акталган), 1995-жылы 71 жашында дүйнө салган казактын залкар скрипкачысы Айткеш Толганбаевдин тагдыр жолунан. 1 Немистин офицерлери нестейишти! Не деген сыйкыр…
АЛА-ТОО. 2019/3. ЖАЛГАН КУРАН
МАЗМУНУ ПОЭЗИЯ Кожогелди Култегин. Башка чабылган скрипка (Поэма) (3) КАРА СӨЗ Бексултан Жакиев. Өмүр өтөт билинбей (Эссе) (15) ПОЭЗИЯ Бурулкан Сарыгулова. Ырлар (41) Мая Осмонкулова. Ырлар (46) Кундузбү Маматова. Ырлар (55) Кайырбүбү Чолпонкулова. Ырлар (63) Арзыкан Момунтаева. Ырлар (69) КАРА СӨЗ Абдыкерим Муратов. Аңгемелер (72) ОЙ ТОЛГОО, СУНУШ, ПИКИР Самсак Станалиев. Жазуучулар союзунун жаралышы (86)…
АЛА-ТОО КҮНДӨЛҮГҮ
ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУНУН ПЛЕНУМУ Бирдин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумда Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскуловдун отчету угулду. А. Рыскулов Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген беш жыл ичиндеги адабий жаңылыктарды, жаш таланттардын келиши жана айрым жарык көргөн китептердин ийгиликтери, кемчиликтери жөнүндө кеп козгоду. Төрага өз арызы менен кызматтан бошоду. Кыргыз Республикасынын…